«Чакырганда келип туруңуз дешти». Депутат Рыскелди Момбеков сурактан чыкты (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков УКМКга «Кумтөр» боюнча сурак берип чыкты. Анын айтымында, суракта «Кумтөрдү» улутташтыруу боюнча суроолор берилген.

«Эмне себептен улутташтырууну сунуштадыңыз, эмнеге негиздедиңиз деген суроо берилди. Мен өзүмдүн пикиримди айтып чыктым. Чакырабыз дегендей кылышты. Чакырганда келип туруңуз деп сылык мамиле кылды»,  — деди депутат.