Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңешмесин онлайн режиминде өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Кеңешменин журүшүндө, 28-30-апрелде Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын натыйжасында жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүүгө тийиштүү маселелер каралды. Улукбек Марипов белгилегендей, Министрлер кабинетинин негизги максаты – тургундар үчүн татыктуу шарттарды түзүү.
«Мен буга чейин да айткан элем жана дагы бир жолу кайталагым келет: иш отчеттуулук үчүн эмес, натыйжа үчүн жүргүзүлүшү керек. Турак үйлөрдү, инженердик жана социалдык инфраструктураны тез арада калыбына келтирүү зарыл. Жарандар тез арада кадимки жашоосуна кайтып келиши керек. 1-сентябрга чейин жабыркаган билим берүү мекемелеринин курулушу милдеттүү түрдө бүткөрүлүшү керек. Зыяндын көлөмүн баалоо процедурасы бюрократиялык тоскоолдуктарсыз жүргүзүлүшү кажет, бардык жабыр тарткандарга компенсациялык төлөмдөр тез арада төлөнүшү керек», — деди Марипов.
Ошондой эле ал кошумчалагандай, калыбына келтирүү иштер планына ылайык, объектилердин курулушу 3 категорияга бөлүнгөн:
Турак-жайларды куруу. 136 турак үйдүн курулушу башталды, аларды пайдаланууга берүү бир нече баскычта жүргүзүлөт. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалда курман болгондордун үй-бүлөсү үчүн 36 турак жайдын курулушу аяктоо алдында турат. Бул максатта Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 6 сотыхтан ашык жер тилкеси бар 4 бөлмөлүү үйлөрдүн курулушуна 5 гектар жер бөлүнүп берилген.
Экинчи этапта Лейлек районунун Максат айылында жана Баткен районунда жаңы үйлөрдү куруу иштери башталды. Курулуп жаткан бардык турак-жайлар кабыл алынган ченемдерге жана стандарттарга ылайык келерин, ошондой эле байланыштын бардык түрлөрү менен жабдылаарын белгилей кетүү керек.
Социалдык объектилердин курулушу. 8 социалдык объектинин, анын ичинде 5 мектептин, 2 бала бакчанын жана 1 медициналык мекеменин курулушу башталды. Ал үчүн республикалык бюджеттен 250 миллион сом бөлүнгөн.
Аскердик багыттагы объектилердин курулушу. Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, президенттин тапшырмасы боюнча, аскердик багыттагы бардык объектилердин курулушун тездетүү зарыл.
Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык жана Ак-Сай — Рават жол тилкелерин реабилитациялоо сыяктуу инфраструктуралык маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол оңдоо ишканалары 44 чакырым жолду толугу менен тегиздеп, жол кыймылын камсыз кылган. Айрым участоктордо курулуш иштери 80 пайызга бүткөрүлүп, калган участоктордо оңдоо иштери улантылууда.
Мамлекеттик комиссия президенттин «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» жарлыгына ылайык түзүлгөн.











