Чек ара кызматы УКМКнын курамына өткөрүлүп берилди

Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына өткөрүлдү. Тийиштүү токтомго президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Бул мамлекеттик чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүү, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу, чектеш мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына жүктөрдүн жана товарлардын, баңгизат каражаттарынын жана куралдын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын функцияларын оптималдаштыруу максатында ишке ашты.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Мамлекеттик чек ара кызматынын базасында, жайгашкан жери Бишкек шаары болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы түзүлдү.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп саналат.

УКМКга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуштарды бир айлык мөөнөттө киргизүү тапшырмасы берилди.