Чек ара кызматын УКМКга өткөрүп берүүнүн баасы — 2 миллиард сом

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров журналисттерге алгачкы маалымат жыйынын берип жатат.

«Чек ара кызматын УКМКга өткөрүп берүү чечимин кабыл алдык. Мамлекетке эч бир зыяны тийбейт. Тескерисинче Чек ара кызматында иштегендердин айлыгы көтөрүлөт. Бул 2 же 2 жарым миллиард сомдун тегереги болот экен. Ал акчанын булактарын да таптык.

Чек ара маселеси 30 жылдан бери чечилбей келе жатат. Коңшу өлкөлөрдүн айтымында, чечилчү маселе кыргыз бийлигинен улам создуктурулуп жатат экен. Ошон үчүн көпкө созбой, тез арада чечели деп ушундай тыянакка келдик», — деди Жапаров.