Чек арадагы ок атышуу боюнча эл өкүлдөрү эмне дейт?

Айрым депутаттар Баткенге бара турганын айтышты. Бирок аскер учактарынан орун сурабай, өз алдынча барышсын деп чечтик. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Парламент жабык жыйынга чогулдук, күч органдары азыркы кырдаалды жана мындан аркы кадамдары кандай болоору тууралуу купуя маалымат менен бөлүштү. ИИМ министрин жана УКМК, Чек ара кызматынын жетекчи орун басарларын жыйында кармап отурбастан маалыматын угуп, дароо коё бердик. Азыр ар бир мүнөт маанилүү. Айрым депутаттар Баткенге бара турганын айтышты, бирок аскер учактарынан орун сурабай, өз алдынча барышсын деп чечтик. Ошондой эле депутаттар, саясатчылар окуяны ырбатпай, жергиликтүү бийликке жолтоо болбой, мындай учурда мамлекеттүүлүк үчүн бир муштумдай биригип аракет кылалы деп сүйлөштүк. Чагымчылдыктан алыс болуп, кол кабыш гана кылалы!» — деп жазды ал.

Ал эми дагы бир эл өкүлү Дастан Бекешев коңшулар менен болгон чыр-чатак тынчтык жолу менен гана чечилиши керек дейт.

«Парламент чек арадагы кырдаал боюнча жабык жыйын өткөрдү. Укук коргоо органдарынын маалыматын уктук. Кырдаал оңой эмес. Коңшулар менен болгон чыр-чатактар ​​тынчтык жолу менен гана чечилиши керек. Миңдеген жылдар бою жанаша жашап, урушуп, бирок ар дайым элдешип келе жатабыз. Эң башкысы жек көрүүчүлүктү козутпоо, бири-бирин чыр-чатакка түртпөө жана өз өлкөңүздө чыңалууну жаратпоо керек. Саясатты кийинчерээкке таштап, бардыгы биригиши керек. Парламент шайлоочулар менен жолугушуу жөнүндө чечимди жокко чыгарды жана кийинки жолугушууга чукул чогулууга даяр», — деп жазды ал.