Чек арадагы ок атышуу. Депутаттар аймактарга барбай калышты

Архив

Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу депутаттар «3-7-майда аймактарда шайлоочулар менен иштөө жөнүндө» токтомду жокко чыгарышты. Зарыл учурда кеңешмеге чогулуу үчүн алар Бишкектеги иш орундарында болушат.

28-апрелде депутаттар ушул жылдын 3-7-май күндөрү аймактардагы шайлоочулары менен жолугушууларды өткөрүү чечимин кабыл алышкан эле.