Чек арадагы ок атышуу. Өзбекстан кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды. Дипломатиялык мекеменин билдирүүсүндө Өзбекстан чек арадагы кагылышуу тууралуу маалыматты тынчсыздануу менен кабыл алганы айтылат.

«Биз тараптарды кагылышууларды токтоосуз токтотууга, кырдаалды турукташтыруу үчүн биргелешкен чараларды көрүүгө жана чыңалуунун мындан ары өсүшүнө алып келүүчү иш-аракеттерден алыс болууга чакырабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги учурдагы келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен гана чечүүгө боло тургандыгын белгилеп, Өзбекстан өз кезегинде кырдаалды тез арада жөнгө салууга жардам берүүгө даяр экендигин белгиледи.