«Чёрныймын» дегендерди айтып турсаңар болду». Акылбек Жапаров криминалга каршы күрөш боюнча үн катты

«Чет өлкөдөн келген инвесторлор, карапайым калкыбыз, жөнөкөй бизнесмендерибиз үчүн Кыргызстан бейиштин төрүндөй эле болот». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Демократия, сөз эркиндиги мындан да өркүндөйт. Мындан ары криминал деген түшүнүк болбойт. Ар бир айылдагы мен «чёрныймын» дегендерди эл өзүңөр жана жергиликтүү милиция жогорку бийликке жеткирип турсаңар болду. Калганы биздин ишибиз», — деди ал.