Чингиз Бапаев Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Бапаев Чингиз Арстанбекович Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды.

Тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.