Чолпон-Атада ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өткөрүп берилди

Чолпон-Атада ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өткөрүп берилди. Бул тууралуу ТүркПАнын жыйынында белгилүү болду.

Бүгүн, 24-июнда Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Алгач Казакстандын парламентинин мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов сөз сүйлөп, ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстан тарапка өтүп жатканын айтты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ТүркПАга төрагалык кылуу сыймык экенин билдирди.  «Парламенттик ассамблея түзүлгөндөн бери көптөгөн долбоорлор ишке ашырылып келди. Мындан ары да тыгыз кызматташтык аркылуу боордош элдердин биримдигин арттыра беребиз деген ишеничтемин. Анткени, тарыхый байланышы терең, тектеш элдердин байланышын чыңдоо учур талабы», — деди ал. Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттер арасында саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык өнөктөштүктү өөрчүтүү зарылчылыгына токтолгон Талант Мамытов: «Калыптанган достук жана өз ара ишенимге негизделген бир туугандык мамилелер аркылуу алдыга койгон максаттарыбызга биргеликте жетебиз деген үмүттөмүн»,— деп кошумчалады.