Медер Алиевдин ордуна Чолпон Султанбекова комитет төрайымы болуп шайланды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жаңы төрайымы болуп Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова шайланды.

Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештеги «Ишеним» фракциясы көрсөткөн. Ага 81 депутат макул, экөө каршы добуш берди.