Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчы болуп дайындалды

Чолпонбек Абыкеев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Абыкеев 10-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун кеңешчиси болуп дайындалган. Жазуучу, журналист Чолпонбек Абыкеев буга чейин «Аалам» гезитинин башкы редактору, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, президенттин аппаратынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы, Мамлекеттик архив агенттигинин директору кызматтарында иштеп келген. «Бриллиант жылан» романынын, «Качкын», «Кызыл көйнөкчөн келин», «Көрпенде» сыяктуу бир катар повесттердин, бир канча аңгеме, новеллалардын автору.