Чолпонбек Абыкеев министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси болуп дайындалды

Чолпонбек Абыкеев министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу 10-майда министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Тиешелүү буйрукка Улукбек Марипов кол койду.

Жазуучу, журналист Чолпонбек Абыкеев буга чейин «Аалам» гезитинин башкы редактору, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, президенттин аппаратынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы, Мамлекеттик архив агенттигинин директору кызматтарында иштеп келген. «Бриллиант жылан» романынын, «Качкын», «Кызыл көйнөкчөн келин», «Көрпенде» сыяктуу бир катар повесттердин, бир канча аңгеме, новеллалардын автору.