Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирдин этникалык кыргыздары үчүн шаарча курулат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирдин этникалык кыргыздары үчүн жаңы шаарчанын курулушуна капсула салды.

Буга чейин апрель айында өлкө башчысы Памирде калган ооган кыргыздарды көчүрүп келип жайгаштыруу үчүн болжолдонуп жаткан турак жай курулушунун долбоору менен таанышуу учурунда тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берген. Муну менен, Кашка-Суу айылында Бурган-Суу тилкесинде 30 гектар жеке турак жайларын жана социалдык объектилерди курууга трансформацияланган.

Бул аймакта турак жайлардын, 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектептин, саламаттыкты сактоо объектилери жана башка социалдык объектилердин салынышы пландалууда. Долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн, ошондой эле айрым объектилердин курулушу «Ассанабиль» коомдук кайрымдуулук фондунун көмөктөшүүсүндө жүргүзүлөт. Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундардын алдында сүйлөп жатып, ооган кыргыздарды ушул жылдын соңуна чейин аларды сактап калуу максатында, тарыхый мекенине көчүрүп келүү ниетин дагы бир жолу белгиледи. Бул маселе анын жеке көзөмөлүндө экенин эске салды. Анын айтымында, бул жерде келечекте 300-400 үй памирлик кыргыздар жагымдуу шарттары менен жашай алгыдай курулат.

Президент чогулгандар менен баарлашып, алар турак жай жана жер көйгөйлөрү, автотранспорттук логистика, ичүүчү суу маселелерин көтөрүп, социалдык мүнөздөгү маселелерди чечүүнү тездетүүнү өтүнүштү. Садыр Жапаров жергиликтүү калктын суроо жана каалоо-тилектерин угуп, жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында райондордун акимдеринин ыйгарым укуктары кеңейе турганын эске салды. Муну менен жергиликтүү калкты тынчсыздандырган көпчүлүк маселелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилеринин деңгээлинде ыкчам чечилет.