Чоң-Алайда абал тынч эмес. Депутат жергиликтүү тургундардын жайлоого чыга албай жатканын айтты

Тажик аскерлери Чоң-Алай районунун тургундарын жайлоого чыгарбай жатат. Бул тууралуу депутат Аккулу Бердиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, айыл тургундары жайлоого чыгууга жана мал жаюуга тажик аскерлери тоскоолдук кылып жатышат деп нааразы болушууда.

«Мен буга чейин тажик аскерлери окопторду казып жатканын кабарлаган элем. Бирок жергиликтүү бийлик менин сөздөрүмдү четке какты. Азыр жергиликтүү тургундар жайытка чыгууга тыюу салынгандыгын, үйлөргө жана мал-жандыктарга ок атып жатышат деп жатышат. Текшеришибиз керек”, — деди эл өкүлү Министрлер кабинетине кайрылып. 

Ал аткаминерлерди кыргыз-тажик чек арасына көңүл бурууга чакырды.