«Чоң саясатка айландырбайлы». Спикер Шакиев депутат Бакировдун иш бөлмөсүз калганы тууралуу өз пикирин айтты

Спикер Нурланбек Шакиев депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүз калганы тууралуу өз пикирин айтып, муну чоң маселеге айландырбоону суранды.

«Мен «90 депутатка ата болом, эне болом, ага болом» деп убада берген эмесмин. Менин милдетим ошол, сиздерди коргошум керек. Бул жерде бир гана Өмүрбек Бакиров жөнүндө эмес, депутат жөнүндө сөз болуп жатат. Жөн калбайт. Чара көрүлөт. Жагымсыз көрүнүш болду. Кайталанбашы үчүн чекит коюшубуз керек. 

Иш башкада, биздин иш башкармалыкты берип салуу туура эмес иш болгон. Бул ошонун далили. Өзүбүздүн имаратка өзүбүз кожоюн боло албай отурабыз. Мен силерден суранам, муну чоң саясатка айлантпайлы. Көйгөйлүү маселелер толтура», — деди ал.

Жыйында бул иш боюнча депутаттык комиссия түзүлмөй болду.