«Чөнтөгүмө эле салып койгула». Адахан Мадумаров тыңшоо болуп жатканын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров тыңшоо болуп жатканын билдирди.

«Мен дайыма бир жерге ооз ачарга барам, кондиционерден тыңшоочу аппарат табылды. Бул уят, маскара. Аппаратты чөнтөгүмө эле салып бергиле, мен сүйлөйм, тескерисинче катуураак сүйлөп турам. Бир столго коёсуңар, бир муздаткычка коёсуңар. Кыйналбагылачы. Чөнтөгүмө салып койгула. 24 саат сүйлөп берем. Ушундай нерселерге катуу жаза бериш керек», — деди ал.