Кой-Таш окуясында жаракат алган Самат Курманкуловго милициянын генерал-майору погону тапшырылды

Бүгүн, 9-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана ички иштер министри Улан Ниязбеков Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Самат Курманкуловдун үйүнө барып, үй-бүлөсү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Самат Курманкуловдун ден соолугун сурап, тезирээк сакайып, кызматына кайтып келүүсүн тиледи. Анын айтымында, Самат Курманкулов сыяктуу кызматкерлер берген антына туруп, кызматтык милдеттерин аткарууга жана коюлган тапшырманы чечүүгө ар дайым жоопкерчилик менен мамиле кылышат. «Дал ушундай офицерлер укук коргоо органдарынын жаш кызматкерлерине татыктуу өрнөк болуп, офицерлердин арасындагы өзгөчөлөнүп турат», — деген Марат Курманкулов.