Президентке Чүй облустук сотунун төрагасын кызматтан кетирүү сунушталды

Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбеков судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушу киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.

«Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 7-июндагы чечими менен президентке Чүй облустук сотунун судьясы Оңолбеков Дамирбек Мадылбековичтин судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушу киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 7-июнда өлкө башчы Садыр Жапаров Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында видео көрсөткөн. Анда бир адам коридордогу дубалга жөлөнүп, андан кийин акырын ордунан туруп, ачкыч менен эшикти ачууга аракет кылат. Кыязы, ал мас абалында болгон. Жогорку Соттун төрайымы видеодогу адамды Чүй облустук соттун төрагасына окшоп жатканын айткан.