Чүй облусунун кээ бир аймактарында айыл өкмөттүккө жаңы дайындоолор болот

Борбордук шайлоо комиссиясы Чүй облусунун бир катар айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындады. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок, Лебединовка, Пригородный жана Ала-Арча айыл өкмөттөрүнүн;

Жайыл районунун Полтавка жана Кызыл-Дыйкан айыл өкмөттөрүнүн;

Москва районунун Предтечень жана Садовое айыл өкмөттөрүнүн;

Панфилов районунун Фрунзе жана Курама айыл өкмөттөрүнүн;

Сокулук районунун Жаңы-Пахта, Камышановка, Төмөнкү-Чүй жана Гаврилов айыл өкмөттөрүнүн;

Чүй районунун Он-Биржылга, Шамшы, Сайлык жана Чүй айыл өкмөттөрүнүн;

Ысык-Ата районунун Ысык-Ата, Нурманбет, Кең-Булуң жана Красная Речка айыл өкмөттөрүнүн шайлоосу өтөт.