Жекшемби, 01.02.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Сокулукта чакан ГЭС ишке киргизилип, ага президент барды

14:16 14.10.2021
0
Сокулукта чакан ГЭС ишке киргизилип, ага президент барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук ГЭС-2нин ишке киришине байланыштуу өткөн иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысы ГЭСтеги негизги курулуштарды көрүп чыгып, анын жабдуулары жана иши менен таанышты. Садыр Жапаров өз сөзүндө энергетика анын саясатынын негизги багыттарынын бири экенин, ошондуктан бул тармакка өзгөчө маани берип, ар бир өзгөрүүгө өтө кылдаттык менен мамиле кыларын баса белгиледи. Президент мамлекеттин энергетикалык системасындагы кырдаалды жана кыйынчылыктарды терең изилдегенин жана өлкөнүн өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүү жана бул тармакка инвестиция тартуу боюнча алдыга максат койгонун айтты.

Мамлекет башчысы энергетика системасында туруктуулукка жетүү жана бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу максатында быйыл бир катар чаралар көрүлгөнүнө токтолду. Тагыраак айтканда,  электр энергиясын жана жылуулукту өндүрүүдөн баштап керектөөчүгө жеткирүүгө чейинки чыгымдарды жабууга мүмкүндүк бере турган орто мөөнөттүү жаңы тариф саясаты кабыл алынды, энергияны кайра жаратуучу булактар тармагындагы жабдууларды жана техникаларды импорттоодо КНС төлөө милдеттемесинен бошотулду, мамлекет менен потенциалдуу инвесторлордун өз ара кызматташуу, анын ичинде энергиянын кайра жаратуучу булактары боюнча ишкердикти лицензиялоодон бошотуп, жеңилдиктерди берүү мөөнөтүн 15 жылга чейин узартуу механизмдери иштелип чыкты. Садыр Жапаров бул чаралар «жашыл энергияны» өнүктүрүүгө жана кошумча генерациялык кубаттуулуктарды жогорулатууга туруктуу түрткү берет деп ишенээрин билдирди. Президент белгилегендей, бул демилгелерди иш жүзүнө ашыруу үчүн чаралар көрүлгөн.

Маселен, ушул жылдын август айында Талас облусундагы «Бала-Саруу» чакан ГЭСинин курулушу башталды. Бул ГЭС жыл сайын 100 миллион кВт саатка жакын энергия өндүрүп, Талас облусунун электр энергияга болгон муктаждыгынын 20 пайызын камсыздайт. Ысык-Көл облусундагы Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭСтин курулушун долбоорлоо жана буга байланыштуу иш-чаралар жүрүп жатат. Жалал-Абад облусунда Кара-Көл ГЭСин куруу иштери жакында башталат. Бул долбоорлор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында ишке ашырылат.

Ушул жылдын март айынан бери 20дан ашуун компания чакан ГЭСтерди курууга даяр экенин билдирип, тиешелүү күбөлүктөргө ээ болушту. Учурда республика боюнча жалпысы кубаттуулугу 54 мегаватт болгон жана жылына 200 миллион кВт сааттан ашык энергия өндүргөн 10 чакан ГЭС бар. Бирок бул генерациянын көлөмү электр энергиясынын 3 миллиард кВт саат тартыштыгын жабуу үчүн жетишсиз. Президент мамлекеттин катышуусуз, жеке инвесторлордун аракети менен, бюджеттик жана донордук каражаттарды тартпастан курулган чакан ГЭСтин ачылышынын маанисин баса белгиледи. Садыр Жапаров бул чакан ГЭС өлкөнүн бардык региондорунда жаңы чакан ГЭСтерди ишке киргизүүнүн үлгүлүү мисалы болуп каларын кошумчалады.

Сокулук ГЭС-2нин белгиленген кубаттуулугу — 2,4 МВт (2×1,2 МВт), электр энергиясын иштеп чыгуунун орточо жылдык көлөмү — 11 895 756 кВт/с түзөт. Сокулук ГЭС-2 ишке кирсе Чүй облусуна электр энергиясын иштеп чыгуу көбөйөт, тармактардагы жоготуу азайып, керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана туруктуу электроэнергиясы менен камсыздайт.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн  тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу  керек»

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу керек»

Автор Айзада Тураркулова
11:41 28.01.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн жыйында гимн тууралуу маселе козгоду. "Сунушталган гимндердин баары марш стилде жазылган, аны баары...

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Автор Айзада Тураркулова
10:13 28.01.2026
0

Бүгүн, 2026-жылдын 28-январында Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкенине беш жыл толду. Президенттин сүрөтчүсү Султан Досалиев өлкө башчысынын буга...

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Автор Айзада Тураркулова
12:43 27.01.2026
0

Бугүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч гимнди...

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
1

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
« Янв    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү