«Чындап эле драмалуу». Акылбек Жапаров Кемпир-Абад боюнча бийликтин чечими бардык жактан туура болду дейт

«Чындап эле драмалуу». Акылбек Жапаров Кемпир-Абад боюнча бийликтин чечими бардык жактан туура болду дейт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы «Кабар» сайтына берген маегинде билдирди.

— Акылбек Үсөнбекович, Кемпир-Абад маселеси коомчулукту чындап дүрбөлөңгө салды. Өлкөнүн саясий элитасы эки лагерге бөлүндү: айрымдары бул келишимге кескин түрдө каршы чыгышса, башкалары өлкө жетекчилигинин чечимин колдошту.

— «Трагедия» деген сөздүн түпкү мааниси эмнени түшүндүрөөрүн билесизби? Үй-бүлөдөгү кыйынчылыктардан баштап, табигый кырсыктарга чейин бул сөздү оңду-солду колдонуп көнүп калганбыз. Ошол эле учурда, мен бул сөз байыркы грек адабиятынын бир жанры катары, карама-каршы тараптардын баары өз чындыгын туура көргөн жагдайды чагылдырганын тээ илгери окугам. Бул жагынан алганда, албетте, Кемпир-Абад боюнча келишим маселеси чындап эле драмалуу. Жөнөкөй себеп — эки тарап тең бир максатты – Кыргызстандын жыргалчылыгын көздөйт. Бул алардын чындыгы. Бирок бул чындыктардын ар биринин натыйжасы ар кандай болушу мүмкүн. Бул учурда өлкө жетекчилигинин чындыгы өлкө үчүн пайдалуу жана тескерисинче, ага каршы чыккандардын чындыгы күтүүсүз жана терс кесепеттерге алып келет деп эсептейм. Бирок мен баса белгилеп айткым келет, бул эки полемикалуу тараптардан тышкары үчүнчү тараптар – суу сактагыч маселесин өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн колдонууга аракет кылган жана аракет кылып жаткандар бар. Алар үчүн Кемпир-Абад жөн гана шылтоо — бийликке келүү үчүн өлкөдөгү кырдаалды солкулдатуу.

— Башкача айтканда, сиз суу сактагыч боюнча бийликтин чечими туура деп эсептейсиз?

— Албетте. Ал тактикалык жактан да, стратегиялык жактан дагы, тарыхый жактан дагы туура чечим. Көрөсүз го, убакыт баарын өз ордуна коет. Биз өзүбүздүн кызыкчылыктарбыздан баш тартпай мамлекетибизди бекемдөөдө абдан маанилүү кадам таштадык.