«Бүгүнкү кошоматчылар — бул эртеңки саткындар». Айдарбеков комитет төрагалыгынан кетүүгө даярдыгын билдирди

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Чыңгыз Айдарбеков Эл аралык иштер боюнча Жогорку Кеңештин комитетинин төрагалыгынан кетүүгө даярдыгын айтты.

«Делимитация өтө сезимтал маселе. Туура, боордош мамлекеттер менен кызматташтыкты бекемдешибиз керек. Чечимдер эки тарапка тең пайда алып келиши зарыл. Бүгүнкү күнгө чейин суу менен бөлүшөбүз. Ушундай болушу абзел.

Өткөн аптада өкмөт келишимдин долбоорун алып келип, макулдук бергиле, жактырылсын деп сурашты. Кагаздар толук берилген жок, бизди шаштырышты. Мен кол койгон жокмун. Мен жыйында баарын регламенттин негизинде алып бардым. Кечинде кворум болду. Мен өткөн күндөрү сиздер менен акылдашып, мамлекет үчүн, эл үчүн ээлеген төрагалыктан өз ыктыярым менен тынч кетейин деп чечтим.

Бирок кечээ бир киши коомго кайрылып, мени далилсиз айыптады. Намыска тийди. Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт. Мен жооп бербесем болбойт. Аткаруу бийликтин өкүлү шайланган депутатка саясий баа берип жатат. Муну кандай түшүнсө болот? Биз кайсы мамлекетте жашайбыз? Элдин өкүлүнө одоно мамиле жасап жатат. Бул мамкызматкердин сабатсыздыгы», — деди ал.

Чыңгыз Айдарбековдун айтымында, кечээ ал президент Садыр Жапаров менен жолугуп, пикир алмашкан. «Баарыбыз мамлекет үчүн күйүп турабыз. Тең салмактуу чечим кабыл алынат деп ишенем. Бүгүнкү кошоматчылар — бул эртеңки саткындар», — деди депутат.

Комитеттин төрагасы Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде үч жыл иштегенин, бул маселелерди ичинен билерин да айтты. «Учурда ээлеген комитеттин төрагылыгын тапшырышым керек деген сөздөр пайда болду. Баардыгын түшүнөм. Арызды жазганга даярмын. Убакыт баарын көрсөтөт», — деди ал.