Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангынан ажыратылды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Айдарбеков Чыңгыз Азаматович Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангынан ажыратылды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

«Бул чечим Айдарбеков Кыргыз Республикасынын жакынкы бир катар чет өлкөлөрдөгү чет өлкө мекемелеринин (элчиликтердин) кызматкери кезинде дипломат деген жогорку наамды дискредитациялаган жагдайлар ачылгандыгына байланыштуу кабыл алынган»,— деп айтылат маалыматта.