Чыңгыз Эсенгул уулу маданият министринин орун басары болуп дайындалды

Чыңгыз Эсенгул уулу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты. 

Маалыматка караганда, бүгүн, 27-октябрда президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Исанов жамаатка Чыңгыз Эсенгул уулун тааныштырган.

Чыңгыз Эсенгул уулу 2015-жылы премьер-министрдин маалымат катчысы, 2017-2020-жылдары өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүн жетектеген.