Abank_june
SerepTV Logo

Чолпон-Атада Жапаров, Алиев, Токаев, Рахмон жана Мирзиёевдин бейформал жолугушуусу өтөт

Чолпон-Атада Жапаров, Алиев, Токаев, Рахмон жана Мирзиёевдин бейформал жолугушуусу өтөт

30-июлдан 1-августка чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусу өтөт.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев катышат.

Мамлекет башчылары соода, энергетика, туризм тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоо, транспорттук коридорлорду кеңейтүү, аймактагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Ошондой эле аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашат.