«Центерра» компаниясы чиновниктерге миллиондогон доллар бергени айтылууда

«Центерра» компаниясы чиновниктерге миллиондогон доллар бергени айтылууда. Мындай маалыматты «Eurasia today» сайты жазып чыкты.

«Кумтөрдөгү» мыйзам бузууларды текшерүү учурунда ачыкталган айрым маалыматтарга караганда, ар бир президент жана премьер-министрдин мезгилинде “Центерра” президентке 150 миллион доллар, премьер-министрге 50 миллион жана депутаттарга 100 миң доллардан берип турган. Аларга карата негизги айып – 2010-2015-жылдагы чакырылыштагы депутаттардын «Кумтөрдү» улутташтырууга каршы чыгышып, канадалыктарга адвокат болгонунда», — деп жазылат сайттын маалыматында.

Аталган сайт жарыялаган маалыматта пара алган делген чиновниктердин катарында Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариевдин ысымдары да бар.