Дүйшөбаев: «Камчы Көлбаев бүгүн же эртең бошотулушу ыктымал»

Буга чейин Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалгандан 11 күн өткөн соң кызматтан кеткенин жазганбыз. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да кол койгону белгилүү болду.

Кеңешбек Дүйшөбаев бүгүн, 27-октябрда журналисттерге маалымат жыйын берип, ал соңку окуяларга карата өз баасын берди. Айтымында, өткөн аптада орун алган чуулгандуу кармоолор бул – шоу. “Мунун баарына күбө болуп отуруп, отставкага кетүүнү чечтим”, — дейт ал.

Маалымат жыйында айтылган Кеңешбек Дүйшөбаевдин сөзүнө ылайык, кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев бүгүн же эртең бошотулушу ыктымал. Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Дүйшөбаевдин “бийлик уюшкан кылмыштуу топтор менен келишип алган” деген билдирүүсүн төгүнгө чыгарды. “УКМК коррупцияга жана криминалга каршы күрөшүн күчөтөт” деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп 15-октябрда Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен дайындалган эле. Ал күнү саналуу сааттардан кийин Жээнбеков президенттик кызматтан отставкага кеткен. Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп Рыскелди Мусаев дайындалды.