Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңеште парламент спикери шайланат. Эки талапкер көрсөтүлдү. Алар Талант Мамытов менен Адахан Мадумаров. Учурда эл өкүлдөрү кызыктырган суроолоруна жооп алышууда.
Жыйында Коргонбай уулу Жусупбек эки талапкер тең эски саясатчылар болгондуктан, кимисине добуш берүү керектигин билбей турганын, Жогорку Кеңеш аны биринчи эле күнү иренжиткенин айтты. «Бул жакта 87 депутат отурат, «неужели» бизди 19 депутат башкарып алабы деген ой келип турат. Катуу тийсе кечирим сурайм. Мени да эмне иренжитти? Түштөнүүгө чыкканда, дааратканасында кагазы жок, ашканасында же бир тамагы жок. Бул эмне деген Ак Үй? Биз биринчи жолу кирип жатабыз», — деди ал.