Дача-СУ кырсыгы боюнча коомдук комиссия түзүлдү. Комиссияга киргендердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров 2017-жылдын январь айында Дача-СУ айылына кулаган жүк ташуучу учак боюнча коомдук комиссия түзүлгөнүн билдирди.

2017-жылдын 16-январынын таңында Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Дача-СУ айылына Боинг-747 жүк ташуучу учагы кулаган. Анын кесепетинен Кыргыз Республикасынын жарандары – айылдын 35 тургуну жана Түркиянын жарандары – экипаждын 4 мүчөсү каза болгон. Расмий версия боюнча Стамбул шаарына учуп бара жаткан учак май куюу үчүн “Манас” аэропортуна багыт алган.

Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин авиациялык кырсыктарды иликтөө боюнча комиссиясы Дача-СУдагы авиациялык кыйроону иликтөөнүн натыйжалары боюнча бүткөн отчетун үч жылдан кийин, 2020-жылдын февралында жарыялаган. Учкучтардын кетирген катасы – кыйроонун башкы себеби деп аталган. Ошол эле учурда Дача-СУдагы кайгылуу окуядан беш жыл өткөндөн кийин деле учактын кулашына ким күнөөлүү, жүк кимге таандык болгон жана жабыр тарткандарга жардам катары чогултулган акчалар кандай бөлүштүрүлгөн деген суроолор жоопсуз калууда. Авиациялык кыйроонун себептерин жана шарттарын көз карандысыз жана ар тараптуу изилдөө, Дача-СУ айылынын тургундарынын проблемаларын комплекстүү чечүү үчүн сунуштарды даярдоо максатында, Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алуу менен токтом кылынды:

1. 2017-жылдын 16-январында Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Дача-Су айылында Боинг-747 жүк ташуучу учагы менен болгон авиациялык кырсыктын себептерин жана шарттарын изилдөө боюнча коомдук комиссия (мындан ары – коомдук комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Коомдук комиссияга төмөнкүлөр сунушталсын:
– коомдук комиссиянын ишинин регламентин иштеп чыгуу жана бекитүү;
– өзүнүн иши жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына мезгил-мезгили менен маалымдап туруу.
3. Коомдук комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, президенттин администрациясынын кырдаалдык борборуна жүктөлсүн.
4. Президенттин администрациясы, президенттин иш башкармасы, Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги, министрликтер, административдик ведомстволор, Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы жана президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ушул Жарлыктын 1-пунктун ишке ашырууда коомдук комиссияга ар тараптуу көмөк көрсөтсүн, коомдук комиссиянын суроо-талабы боюнча анын иши үчүн зарыл болгон бардык материалдарды жана документтерди ыкчам тартипте берип турсун.
5. Коомдук комиссия иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана жарандарды ишке тартууга укуктуу деп белгиленсин.
6. Коомдук комиссия 2022-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө авиациялык кыйроого алып келген жагдайлар, себептер жана шарттар жөнүндө корутундуну жана Дача-СУ айылынын тургундарынын проблемаларын комплекстүү чечүү боюнча сунуштарды берсин.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Коомдук комиссиянын курамы:

Алмамбет Шыкмаматов — коомдук ишмер, комиссиянын төрагасы;
Гульшайыр Абдирасулова — укук коргоочу;
Дилбар Алимова — журналист-иликтөөчү;
Бекзат Алимов — «Эйр Манас» авиакомпаниясынын жердеги кызматынын жана каргонун директору;
Элнура Алканова — «Ачык маалымат фонду» коомдук фондунун башкармасынын төрагасы;
Мавлян Аскарбеков — жарандык активист;
Кубатбек Боронов — коомдук ишмер;
Толекан Исмаилова — укук коргоочу;
Кайрат Кенжебай уулу — «Стоп Беспредел» маалыматтык сайтынын башкы редактору;
Кубанычбек Култаев — адвокат, милициянын отставкадагы полковниги;
Тимур Махмудов — жарандык активист;
Динара Ошурахунова — укук коргоочу;
Мухаммедали (Али) Токтакунов — журналист-иликтөөчү;
Нурбек Токтакунов — укук коргоочу;
Адиль Турдукулов — журналист-иликтөөчү;
Бактыбек Турусбеков — Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты;
Эркингуль Убышева — укук коргоочу;
Самсаалы Четимбаев — жарандык активист.