Дагы 9 талапкер парламенттик шайлоодон баш тартты. Тизме

Борбордук шайлоо комиссиясы 19-ноябрдагы жыйында парламенттик шайлоого катышуудан баш тартканын билдирген талапкерлердин кайрылуусун карады.

Шайлоого катышпай турганын билдирген талапкерлер:

— Турдалиев Айбек Чыныбекович («Ордо»);

Адилет Али Мыктыбек («Кыргызстандын жашылдар партиясы»);

— Токтосунов Шарабидин Бекташевич («Улуу Журт»);

Темирбаев Мухаммед Миңбаевич (№8 Төлөйкөн шайлоо округу) — Бул округда 4 талапкер калды;

Насырбеков Бакытбек Насырбекович (№16 Ноокен округу) — Бул округда 4 талапкер калды;

— Иманкулов Эркин Токтаалиевич (№22 Жайыл округу) — Бул округда 7 талапкер калды;

Жумакадыр уулу Манасмиң (№12 Өзгөн округу) — Бул округда жалгыз талапкер калды;

Төлөшов Тынчтыкбек Абдынадырович (№10 Куршаб округу) — Бул округда 9 талапкер калды;

Мамаюсупов Абдыхалил Шадманович (№3 Кадамжай округу).