Жаңы Конституцияга каршы чыккан дагы бир жарандык активист суракка чакырылды

Жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, активист бүгүн саат 17.00дө суракка келиши керек болчу, бирок ал жактоочусуз баруудан баш тарткан. «Бүгүн мени дагы суракка чакырды. Барган жокмун. Адвокатсыз барууга болбостугун айттым. Эртең саат 10:30га барам. Кабарлап турам», -деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Эрлан Бекчоро уулу да Тилекмат Кудайбергенов менен биргеликте 9-март күнү Ак Үйдүн жанында жаңы Конституцияга каршы нааразычылык акциясына чыккан.