«Дагы кетип калды дебегиле». Камчыбек Ташиев ден соолугу тууралуу

Өзүңөр жакшы билесиңер баары «Ташиев эмнеге чет өлкөдө дарыланат, эмнеге Кыргызстанда дарыланбайт» деп айтып жатышат . Бүгүн, 8-июлдагы маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев сырын ачыктады.

«Эми мен муну айтпай жүрдүм эле. Эми айтканга туура келип жатат. Мен ушундай ооруга туш келип, ушул оорумду операция кылыш сөзсүз түрдө чет өлкөдө болуш керек болуп калды. Себеби, биздин дарыгерлер бул жакта операция кылууга батына алышпады. Чет өлкөгө барууну сунушташты. Ошол үчүн февраль айында чет өлкөдө операция болгон. Алардын айтымында, 2 айда текшерүүдөн өтүш керек болчу. Бирок мамлекеттеги абалга жараша ортодо 5 ай өтүп кетиптир. Эрте эле айтып коёюн, эми дарыланууга 6 айдан кийин барам. Ошондо дагы кетип калды дебегиле«, — деди ал.