Дайырбек Орунбеков: «Мурдагы президенттердин кайсыл бирин өлкөгө кайтарып келүү жөнүндө сөз айтылган жок»

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өлкө башчысы Садыр Жапаровдун мурдагы ажолор менен болгон жолугушуусунан кийинки талкууларга жооп берди.

«Мындай күтүүсүз кабар көпчүлүккө жагымдуу болду, кубануу менен талкуулап жатканын байкап жатабыз. Бирок саналуу топ тарабынан талаш-тартыштар жаралып, негизсиз тыянак чыгаруулар орун алып жатканын көрүп жатабыз. Президент мурдагы эл башчылары менен эмне себептен бир тегерек столго чогулганын, негизги максатын өзүнүн билдирүүсүндө ачык айтты. Анда мурдагы президенттердин кайсыл бирин мыйзам жоопкерчилигинен бошотуп, аларды өлкөгө кайтарып келүү жөнүндө сөз айтылган жок.

Тескерисинче эгемендик алган жылдардан бери саясий көз караштардын кагылышы, улуттун өзөгүнө олуттуу сокку уруп келе жаткан регионализм, трайбализм көйгөйлөрүн чечүү менен элдин ынтымагын бекемдөө — башкы максат болгону ачык айтылган. Муну менен президент Садыр Жапаров өткөн кеткенге кылчайбай, мамлекет башчысы катары тарых алдында жана келечек муун алдында өз вазыйпасын аткарды. Мындан кыйкым издеп, президенттин элди ынтымака чакырган ниетин кайра тескери жакка буруп, ич ара бөлүнүп-жарылып, тирешти ого бетээр козутпайлы. Мамлекет башчынын жакшы ниетин колдогондун ордуна, кайра аркы же берки өйүз болуп, акыйнек айтышып отурганыбыздын өзү, тарыхы бай, айкөл эл катары, улут катары бизди кооздобойт.

Ооба, Кыргызстанды башкарып кеткен ар бир президенттин жакшы да жактары, кемчиликтерди да болду. Баары мамлекет жана эл үчүн иштешти, аракет кылышты. Ошону менен катары каталарды да кетиришти. Ал эми азыр анын баары тарых. Ким кандай каталарды кетиргенин баарыбыз жакшы билебиз. Ошентсе да, “Өткөн-кеткенге кылчактап, таарынычтарды ортого салып отура берсек келечек болбойт. Алдыга жылалы” деген жакшы ой Садыр Жапаровдун саясаттагы негизги приоритеттүү багыты. Биз бир атадан тараган, бир мамлекеттин уул-кыздарыбыз, ич ара душмандашкандан баарыбызды Жараткан сактасын. Ал же бул саясатчынын тарапташымын дегендердин баарын сабырдуулука чакырабыз, ынтымак бололу. Бири-бириңиздердин көңүлдү оорутуп, кайым айтышууну улантпаңыздар, токтотуңуздар», — деп жазды ал.