Дайырбек Орунбеков: «Садыр Жапаров малга салык киргизүү демилгесин колдобойт»

Президент Садыр Жапаров мал жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобойт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жазды.

«Жогорку Кеңештин депуттары тарабынан демилгеленип жаткан, мал жандыктарга салыктын түрүн киргизүү сунушу коомдо терс пикирлерди жаратууда. Мындай демилгени — мамлекеттик бийликтин позициясы катары түшүнүп алгандар дагы жок эмес. 

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен, өткөн 2022-жылдын апрель айында, фермерлер жана дыйкандарга жеңилдиктер берилген. Анда айыл-чарба багытындагы пайдаланган жерлер 3 жылга салыктан бошотулган. Аталган мөөнөт аяктагандан кийин жер салыгынан бошотуу тууралуу маселе кайра каралат. Демек, Садыр Жапаров фермерлерге жана дыйкандарга жеңилдик шарттар түзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондой эле, депутаттардын мал жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобой турганын маалымдайбыз», — дешти.