«Даканса»! Депутат Жусупбек Коргонбай уулуна транспорт министри Ноокат жолун бүтүрөм деп кол берди (видео)

Жыйында транспорт министри Тилек Текебаев кийинки жылга Ноокат жолун бүтүрүп берем деп убадалап, депутат Жусупбек Коргонбай уулуна кол берди.

Айтылуу депутат Жусупбек Коргонбай уулу менен транспорт министринин сүйлөшүүсү:

— Кийинки жылга бүтүрүп бере аласызбы?
— Бүтүрөбүз.
— Анда ордуңуздан туруңуз, колду бериңиз. Элдин алдында.
— Хыхыхы.
— Мына министр болор алдында убада берип жатат. 2023-жылдын аягына чейин Ноокат жолун «даканса» бүтүрүп бересиз. Туурабы? Элге карап айтыңыз.
— Буюрса, бүтүрөбүз.
— Мына кол алышты, эркекче!

Ушул жылдын январь айында депутат болуп турган Алтынбек Сулайманов «Чыдам бүттү. Ноокаттагы жолду бүтүргүлө деп, эл трассага жатып алсынбы?» деген болчу.