Дамир Кулубаев Кара-Кулжа районунун акими болуп дайындалды

Кулубаев Дамир Садырбекович Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Кулубаев 2017-2018-жылдары Чүй облусунун Панфилов районунун акими болгон.