Дамир Мусакеев: «Атамбаев менен Жээнбековдун чыры Матраимовго байланыштуу болушу мүмкүн»

УКМКнын 9-кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеев Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы чыр эмнеден улам келип чыкканы жөнүндө, жергиликтүү маалымат каражаттарына маек берип жатып билдирди.

Атамбаев менен Жээнбеков акыркы жолу Атамбаевдин резиденциясында жолугушкан. Анда мен ошол жерде болчумун. Алар 4-5 сааттай сүйлөшүштү. Ортосунда эмне болгонун билбейм, анткени мен үйгө кирген эмесмин. Алар үйдөн чыкканда жылуу маанайда коштошушкан. Андан кийин эле съезд учурунда Алмазбек Шаршенович Жээнбеков жөнүндө кескин сүйлөдү. Жеке пикирим боюнча, Атамбаевдин мындай билдирүүсү Матраимовго байланыштуу болушу мүмкүн”, — деди Мусакеев.