«Мен 6-чакырылышта бир топ маселе көтөргөм. Башталгыч класстарга комуз сабагын киргизүү, анан Манас идеологиясын киргизүү керек», — деди депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин жыйынында.
«1-4-класска чейин бир түстөгү калпак, андан кийинкисине бир түрлүү калпак. Чоң класстарга өзүнчө түстүү калпакты кийгизүү. Себеби ар бир мектепте форма кийип келет да. Ак калпагыбызды дагы даңазалоо керек. Ата-бабабыздан калган салттуу кийимдерибизди мектепке киргизүүнү 6-чакырылыштан бери көтөрүп келе жатам. Ушуну карап, киргизип берсеңиз жакшы болмок», — деди ал.