Данияр Амангелдиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Данияр Амангелдиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Амангелдиев Данияр Жолдошевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

Анын талапкерлиги бүгүн Жогорку Кеңеште каралган. Эл өкүлдөрү Данияр Амангелдиевдин талапкерлигин колдошту.