Данияр Жаныкулов бүгүн, 14-апрелде президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары ээлеген кызматынан бошотулду.
Буга чейин социалдык тармактарда Данияр Жаныкулов делген адам тартылган видео тараган. Анда анын ар кайсы адамдардан конверт алып жатканын көрүүгө болот. Кадрларда эркектердин бири «Бул чай үчүн. Маселени чечүүгө жардам бериңиз” дегени да угулат. Видеого Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев делген адам да тартылган. Бир аз сүйлөшкөндөн кийин Данияр Жаныкулов делген адам ага конвертти сунган.
Журналисттерге Башкы прокуратурадан соцтармакта тараган видео боюнча текшерүү иштери жүрөрүн билдиришти.