Кыргызстандын жарык өчкөн жерлериндеги дарыканаларда дарылар жарактан чыгып калып жатат. Бул тууралуу депутат Аккулу Бердиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Жарактан чыккан дарыларды алган бейтаптар ууланып жатыптыр. Дарыканаларда жарыкты өчүрбөй тургандай кылсаңыздар жакшы болмок. Бул эл арасында көйгөй болуп жатат», — деди ал.










