Бекешев: «Аэропортто Кыргыз жарандарын чет өлкөнүн жарандыгын алган балдарынан ажыратып коюу акылга сыйбайт»

«Бизде Кыргыз жарандары башка өлкөдөн учуп келгенде алардын балдарына байланыштуу маселе жаралып жатат. Тактап айтканда, ата-энеси Кыргыз жарандары, бирок 16 жашка чейинки баласы башка өлкөнүн жараны болсо, баланын ата-энесин Кыргызстанга киргизет экен. Бирок «жашы жете элек балдарды бул жакка таштагыла» дейт экен. Бул деген акылга сыйбаган нерсе да», — деди депутат Дастан Бекешев бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында.

Анын айтымында, өспүрүмдүн ата-энеси Кыргызстандын жараны болуп жаткандан кийин, өлкөгө кирүүдө ага маселе жаралбашы керек.

«Жакында эле ушул маселеге белгилүү спортчубуз кабылды. Аты-жөнүн айтпай эле коеюн. Биз бул адам менен сыймыктанабыз, мактанабыз. Ал эми аэропортко келгенде, «айып пул төлөмөйүн, маалымкат алып келмейинче өлкөгө киргизбейбиз» дешиптир. Ата-энесин ТИМге, УКМКга жөнөтүптүр. Бул туура эмес да. 16 жашка чейинки өспүрүм ата-энеси жок кайда качмак эле», — деди ал.

Ал эми буга өкмөттүн өкүлү бул иш териштирилери, депутатка расмий жооп берилерин айтты.