Дастан Бекешев: «Аймактар эле болбосо, Бишкекте КТРКны карап да коюшпайт»

«Тилекке каршы бизде КТРК азыр мамлекеттик канал болуп калды. Реалдуу нерсени көрсөтүшпөйт». Мындай сындарды депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Анын айтымында, КТРК бир гана президент менен чектелбеши керек. «Өлкөбүздө баары эле жакшы болсун. Бирок КТРК реалдуу нерсени да көрсөтүш керек. Бизде президент менен эле чектелбеши керек. Башка процесстер бар да. Коомчулук эмне менен жашап жатканын көрсөтүшү зарыл. Коомчулукта кандай көйгөй болуп жатат? Мамлекет ошону чечип жатабы же жокпу? Ошонун баарын ачык көрсөтүшү шарт. Ушундай тенденция менен бара берсе, популярдуулугун жоготот. Аймактарда башка кыргыз тилиндеги телеканал жок үчүн башканы көрүшпөйт. Азыр аймактарга интернет жетсе эле, КТРК жок болот. Аймактар эле болбосо, Бишкекте КТРКны карап да коюшпайт», — деди ал.

КТРКнын башкы директору Бактияр Алиевдин айтымында, TNS изилдөө жүргүзгөн. Кыргызстанда 54 каналдын ичинен биринчи орунда ОРТ, КТРК экинчи орунда турат. «Ооба, биз өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Эгерде мурда 200 мүнөт кабар жана аналитика болсо, биз аны 90 мүнөткө чейин кыскарттык. Анын ордуна биз социалдык, көңүл ачуучу, билим берүүчү программаларды киргизип жатабыз», — деп жооп берди ал.