Дастан Бекешев: «Айрымдар футбол ойноп жыйынга келген жок. Алар үчүн башкалар добуш берип жатат»

Жогорку Кеңеш регламенттин негизинде иштеши керек. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

«Тилекке каршы, биз жободогу бир беренени окуп, экинчисин унутуп калабыз. Чынын айтсак, бул жерде 36-37 депутат отурат. Жобонун 90-беренесинде добуш берүү манжа изи же идентификатор аркылуу жүргүзүлөт деп жазылган. Бул берене дагы деле иштебейт. Ошондуктан, айрым депутаттар азыр футбол ойноп, айрымдары бири-бирине добуш берүүгө мүмкүнчүлүк болуп, жыйындарга келбей жатышат. Конституцияда депутат өзү добуш бериши керек да. Бул жерде регламент иштебейт. Бул электрондук система качан ишке кирет? Каттоодон 63 депутат өттү, бирок иш жүзүндө аз», — деди ал.

«Бүгүн баарыңыздарга белгилүү болгондой, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футзал боюнча «Мурас» турнири башталды. Иш-чарага төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда. Кааласаңыз, командага кимдер киргенин окуп берем», — деп жооп берди вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев