Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев Кыргызстанда эмес. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, айрым депутаттар документке эки жолудан кол коюшкан.
“Максат Сабиров мандатын тапшырган, Алмазбек Акматов каза болуп калды, Алиярбек Абжалиев Кыргызстанда эмес, Шаршенбек Абдыкеримов жок, Кубанычбек Жумалиев абакта. Алар ошол жактан кол коюштубу?” — деп суроо салды депутат.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бекешевдин хронологиядан адашып жатканын айтты. “Бул Конституция демилгеленгенде, алар биздин арабызда болчу”, — деди ал.
1-мартта УКМК мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевге карата катталганын билдирген эле. Ошол эле учурда социалдык тармактын колдонуучулары анын Кыргызстандан бир ай мурун чыгып кеткенин, өзү менен кошо акчасын да алып кеткенин жазып чыгышкан болчу.