«Кемпир-Абад маселеси боюнча каршы добуш берген депутаттарды коркутуп жатат дегенге тенденция бар. Добуш берүүдөн кийин башталды». Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда депутат Дастан Бекешев СуперТВ телеканалынын «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.
«Ошол эле Сурабалдиевага. Анын жеке ишкерлигин чукулап… Эми Кыргызстанда баары эле «Кудайберген» базары кимдики экенин билет. Мурда Сурабалдиева өзү мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Атасы депутат болчу, бизнеске аралашып жүргөн. Ооба, салыкты төлөш керек, бирок Салык кызматы ага 2-жолу барып жатпайбы.
Ошол эле Эмил Жамгырчиев. Анын иши болгон. Жогорку Сот актаган. Добуштан кийин иш жаңыдан ачылды. Мадумаров, Масалиев боюнча да бар деп жатышат. Тазабек Икрамовго иш бар деп жатышат. Өмүрбек Бакировго да иш бар деп жатышат. Чыңгыз Айдарбековду чукулап жатышат. Балким, мен деле маек берип жатканда алар мени «казып» жатышат. Тенденция тилекке каршы бар. Сеид Атамбаев да бар. Атасы түрмөдө отурат. Анын мүлкүнүн баары камакта», — деди ал.