Дастан Бекешев: «Элдин тамакка акчасы жок отурса, кайдагы Конституция?»

«Жаңы президент иштеп баштай элек, а силер а б в деп эле сайылып жатасыңар». Мындай оюн бүгүн, 10-мартта, Жогорку Кеңеште жаңы Баш мыйзам боюнча референдумду дайындоо маселеси каралып жатканда депутат Умбеталы Кыдыралиев билдирди.

Эл өкүлү президент Садыр Жапаровго болушуп, кесиптештерин сындады.

«Ишин баштай элек президентти «узурпатор» деп атап алдыңар. Кичине этика деген болуш керек да. Же ошондой болорун алдын ала көрүп-билип койдуңарбы? «, — деди ал.

Буга Дастан Бекешев абдан эмоционалдуу жооп берди.

«Мен сизге бир нерсени айтайын. Бул жакта отургандардын көп бөлүгү — бай адамдар. Парламент бизнес клуб сыяктуу. Сиз балким өзүңүз үчүн кайсы бир маселелерди чечип алгандырсыз. Балким сиз, же үй-бүлөңүздүн бизнеси бардыр. Кесиптештеримдин көпчүлүгүндө бизнес бар. Элде эмне болуп жатканын билсеңер кана? Биз бул жакта Баш мыйзамды талкуулап отурганда, баалар өсүп атат. Эмнеге президент бул маселени чечпейт? Бензиндин баасы кымбаттап атат. Элдин тамакка акчасы жетпей жатканда каяктагы Конституция? Силер долбоор  өтөрүн жакшы билесиңер. Силер муну өзүнөр каалап жаткан үчүн жасап жаткан жериңер жок, силерден «аябай» суранышкан үчүн жасап жатасыңар! Кыргызстандыктардын көбү тамакка акчасы жок отурат, алардын азыр Ханституция менен иши жок. Биз муну түшүнүп туруп, бирибиз «Иванды», экинчибиз «болванды» айтып отурабыз», — деди Бекешев.