Дастан Бекешев ИИМге: «Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров суракка чакыртылды беле?»

Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев ички иштер министрлиги саясатчы, жарандык активисттердин телефон чалууларын кайсы факты боюнча тыңшап жатканын сурады. Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев тыңшоо 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялар боюнча жүргүзүлгөнүн билдирди.

«Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич суракка чакыртылды беле?» — деп сурады Бекешев. Буга министрдин орун басары билберин, такташ керектигин айтты.

«Демек, чакыртылбаптыр. Ал 5-октябрда аянтта болчу. Мен жеке өзүм аны менен учурашкам. Керек болсо, аянтта сөз сүйлөгөн. Кантип андай болуп калды?» — деди эл өкүлү.

«Мен чакыртылган деген жокмун. Такташ керек», — деди министрдин орун басары.

«Чакырып көргүлөчү. Эртең эле кызматтан алынасыңар. Сиз муну жакшы билесиз да. Садыр Жапаров чакыртылды беле? Мен уккан эмесмин анын суракка чакыртылганын. 6-октябрда ал да аянтта болчу. Мен түшүнбөй жатам. Кантип болсун, силер кылмыш ишин козгоп жатасыңар, төңкөрүшкө тиешеси жок адамдарды тыңшап жатасыңар. Силер басып алууга айыптап жатасыңарбы? Анда Сооронбай Жээнбековду кайра ордуна коюш керекпи? Мен силердин эмне менен алек болуп жатканыңарды түшүнө албай жатам. Ак үйдү басып алгандардыбы? Анда бул жактагы камерадан кимдер кирип, талкалагандарды карашыңар керек болчу. Мен эч нерсе талкалаган эмесмин бул жакта. Эмненин негизинде кылмыш ишин козгодуңар? Бийликти басып алуу боюнчабы? Анда президент — мыйзамсыз», — деди депутат.

«КЖБРга 5-6-октябрдагы окуялар массалык башаламандыктар боюнча катталган», — деди министрдин орун басары.