Дастан Бекешев: «Иштебей жаткан министрлер бар. Алардын аттарын атабай эле коёюн»

«Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышында депутаттарга президенттин командасы тууралуу суроо менен кайрылууну чечтик. Буга президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Министлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун соцтармакта негизсиз караланып жатат деп айтканы түрткү болду.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, кайсы бир министрликке бааны бериш оңой, бирок критерийлер болушу керек. «Экономиканын кандай болуп жатканын өзүңөр көрүп жатасыңар. Акылбек Жапаров өзү жакшы иштөөдө. УКМК киргизип жатат. Албетте, бул элге жакпайт, бирок саясий эркти көрсөтүүдө. Жакшы иштебегендер бар. Алардын аттарын атабай эле коёюн», — деди ал.